Мавлян Аскарбеков эмне себептен Албек Ибраимовду кызматтан кетирип жоопко тартуу керектигин айтты

Албек Ибраимовдун Бишкектин мэри катары ишин кандай баалайсыз деген SUPER.KG порталынын суроосуна жарандык активист Мавлян Аскарбеков төмөнкүдөй пикирин билдирди.

Ал Албек Ибраимов экс-президенттин колдоосу менен Бишкек шаарынын мэри болуп келгенин белгиледи.

"Ибраимовду Бишкек шаарынын эли колдоп, мэр болуп келген жок, бир кишинин колдоосу менен келген. Ал келгенден бери Бишкек шаарында нааразычылыктар көбөйдү. Ибраимов келгенде маршруттук таксилерди жок кылып, ордуна башка транспортторду алып келебиз деп айткан. Келди, эми кетейин деп жатат, эч нерсе аткарган жок. Жер тилкелеринин коррупциясы боюнча мен эле эмес, эми Жогорку Кеңештин депутаттары дагы айтып, эми түштөн кийин алар комиссия түзөбүз деп жатышат.

Албек Ибраимов борбор шаарга жер астындагы өтмөк жасаганы өтө сапатсыз болгон. 9 миң сомго көчөт алынып келгени, жерлердин сатылды деп жатканы, жолдордун сапатсыз курулганы боюнча көп маселелер бар. Эгерде булар боюнча кылмыш иши козголо турган болсо, бери жагы 30 жылга камала турган кылмыш иштер. Баарын көрүп, угуп туруп үн катпаган Бишкек шаардык кеңешиндеги КСДП фракциясы жана башка фракциялардын депутаттары дагы жоопко тартылышы керек. Мына, бүгүнкү күнгө чейин Бишкек шаардык кеңештин төрагасы үн катпай жатат.

Жол кырсыгына байланыштуу эки фактыны айтайын. Жакында эле бир аялды кызы менен маршруттук такси сүзүп кетти. Кыздын апасы каза болуп жетим болгону аз келгенсип, буту жок калды. Балдарын багып жүргөн жалгыз бой эне маршруттук таксинин айынан колу жок калган. Эмнеге буга мэр, Бишкек шаардык кеңештин төрагасы жооп бербейт? Тез арада мэрди кызматтан кетирип жоопко тартыш керек", - деди Аскарбеков.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Лев Васильев, Алмаз Кененбаев, Рысбай Аматов жана Канатбек Мүзүралиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан