Ош шаарындагы 12 кабаттуу үйдөгү өрттөн аман калуу максатында секирген аялдын абалы оор. Бул тууралуу 24-апрелде SUPER.KG порталына Ош облустук ооруканасынын башчысы Шайырбек Сулайманов билдирди.
Анын айтуусуна караганда, жабырлануучунун башына операция жасалган.
"Абалы оор бойдон калууда. Көп кабаттуу үйдөн секиргенде, баш сөөгү жабыр тарткан. Башындагы кан тамырлар жарылып, кан уюп калган. Учурда ал жандандыруу бөлүмүндө жатат, эсине келе элек. Ошондой эле анын аты-жөнү такталып жатат, жашы болжолдуу 25-30дарда", - дейт Сулайманов.
Ошондой эле ал баш-аягы өрттөн жабыр тартып, 6 адам кайрылганын, алардын бешөө биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин эле үйлөрүнө кетишкенин айтты.
Айта кетсек, буга чейин Ош шаарынын кичи райондорунун бириндеги көп кабаттуу үйдөн өрт чыкканы кабарланган. Анда 6 адам жабыр тартканы белгилүү болгон.