Бүгүн, 24-апрелде Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети баш прокурорлукка Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлигин карады.
Жыйында Жамшитовго суроолор жана каалоолор айтылып, жооптор алынып, талкуунун жыйынтыгында анын талапкерлиги бир добуштан жактырылды.
Жамшитов Өткүрбек Асилбекович 1975-жылы 4-сентябрда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылында туулган. Жогорку билимдүү, 1996-жылы Кыргыз улуттук университетин юриспруденция адистиги боюнча бүтүргөн.
Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.
Эмгек жолу:
1997-1998-жылдары - Талас шаардык прокуратурасында прокурордун жардамчысы;
1999-2002-жылдары - Талас шаарынын прокуратурасында тергөөчү;
2002-2005-жылдары - Талас облусунун Бакай-Ата районунун прокуратурасында тергөөчү;
2005-2006-жылдары - Ош облусунун Алай районунун прокуратурасында тергөөчү;
2006-2008-жылдары - Ош облусунун прокуратурасында тергөөчү;
2008-2011-жылдары - Баткен облусунун Кадамжай райондук прокуратурасында прокурордун орун басары;
2011-2015-жылдары - Баткен облусунун Лейлек районунун прокуратурасында прокурор;
2015-2018-жылдары - Жалал-Абад облусунун прокуратурасында прокурору.
Айта кетсек, 2018-жылдын 13-апрелинде Индира Жолдубаева башкы прокурор кызматынан бошотулган. Президент 10-апрелде Жогорку Кеңешке аны кызматтан бошотуу боюнча сунуш киргизип, депутаттар президенттин сунушун 11-апрелде колдогон.
Индира Жолдубаева башкы прокурорлукка 2015-жылдын 29-январында дайындалган.