Депутат баш прокурорлукка талапкерге: "Акыркы 3-4 жылда козголгон кылмыш иштеринин мыйзамдуулугун текшерип чыккыла"

Бүгүн, 24-апрелде Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети баш прокурорлукка Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлигин карап жактырды.

Жыйында депутаттар ага сунуштарын жана каалоо-тилектерин айтышты.

Депутат Айнуру Алтыбаева (КСДП) буга чейин 200 миң доллар өлчөмүндөгү ири суммадагы пара менен кармалган Башкы прокуратуранын кызматкерин мисал келтирип, Жамшитовду тармакты тартипке келтирүүгө чакырды.

Депутат Исхак Масалиев ("Өнүгүү-Прогресс") прокурорлукка келе жаткан талапкердин өмүр таржымалына кайрылып, Жамшитовду мыйзамдуулукту сактоого чакырды. "Сизден мурда иштеген прокурорлорго окшобой, керек болсо президентке, бөлүм башчы, аппарат башчыга көрсөтмө берилсе, "мындай болбойт" деп өзүңүздүн эркиңизди көрсөтүңүз. Мындан тышкары акыркы 3-4 жылдын ичинде козголгон кылмыш иштеринин мыйзамдуулугун текшерип чыккыла. Каалоо тилегим ушул болуп жатат. Адис экенсиз. Акыркы 7 жылдын ичинде биринчи жолу тажрыйбалуу адис сиз келе жатасыз", - деди Масалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан