Бүгүн, 24-апрелде "Өнүгүү-Прогресс" жана "Ата Мекен" фракциялары Жогорку Кеңештин оппозициялык фракцияларына бөлүнгөн эки комитеттин төрагалыгына талапкерлерди сунуш кылды.
Парламенттеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети бүгүнкү отурумда эки фракциянын сунушун карады.
"Өнүгүү-Прогресс" фракциясы Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагалыгына Тынчтыкбек Шайназаровду жана Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагалыгына Зиядин Жамалдиновдун талапкерлигин сунуштады.
"Ата Мекен" фракциясы Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагалыгына Наталья Никитенконун жана Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагалыгына Эмил Токтошевдин талапкерлигин сунуштаган.
Фракциялардын сунушун комитет колдоду. Эми маселе Жогорку Кеңеште каралат.
Буга чейин "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутаттар аталган эки комитеттин төрагасы болчу. Фракция көпчүлүк коалициянын курамына киргенден кийин оппозициялык фракциялар жетектеген эки комитеттин төрагалары өз ордуларын бошотушкан.