Саламаттыкты сактоо министрлиги: "Кыргыз калкынын 96 пайызы балдарды эмдөөнү колдойт"

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун демилгеси менен 23-апрелден 29-апрелге чейин Европалык иммунизациялоо жумалыгы өтүп жатат. Бул жумалык вакцинанын жардамы менен ооруларды алдын алуу боюнча өткөрүлүүдө.

"Иммунизациялоо дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдардын өмүрүн сактап келет. Эмдөө айрым жугуштуу оорулардын алдын алып, алар менен күрөшүүдө эң таасирдүү жана жогорку натыйжа берген чаралардын бири катары кеңири таанылды. Кыргыз өлкөсүндөгү саламаттыкты сактоо органдарынын иммунизациялоосу, эмдөөнүн мааниси жана вакциналардын жардамы менен алдын алууга боло турган коркунучтуу оорулар тууралуу калкты жакшылап кабардар кылууну биз дагы колдойбуз", - деп белгиледи Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү, доктор Ярно Хабихт.

Ошондой эле доктор Ярно Хабихт кыргыз калкынын эмдөөгө болгон ишеними жогору болгондуктан калктын 96 пайызы эмдөөгө даяр экендигин кошумчалады.

Бирок азыркы учурда эмдөөдөн баш тарткандардын саны да өсүп жатат. Аталган иш-чарада алар медициналык терс реакция болушу мүмкүн деген коркуу сезимдеринен улам баш тартып келгени айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
iryi1
2018-04-24 13:37:18
Туура колдош керек. Корунгон молдолордун калп ушактарына ишенбей.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан