Парламенттеги көпчүлүк коалициясы баш прокурорлукка Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлигин жактырды

Бүгүн, 24-апрелде Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициясы башкы прокурор кызматына президент сунуштаган Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлигин карап бир добуштан жактырды.

Буга чейин парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети да анын талапкерлигин бир добуштан колдогон. Эми эртең, 25-апрелде бул маселе парламенттин жалпы жыйынында каралмакчы.

Айта кетсек, 2018-жылдын 13-апрелинде Индира Жолдубаева башкы прокурор кызматынан бошотулган. Президент 10-апрелде Жогорку Кеңешке аны кызматтан бошотуу боюнча сунуш киргизип, депутаттар президенттин сунушун 11-апрелде колдогон.

Индира Жолдубаева башкы прокурорлукка 2015-жылдын 29-январында дайындалган.

Өмүр баяны:

Жамшитов Өткүрбек Асилбекович 1975-жылы 4-сентябрда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылында туулган. Жогорку билимдүү, 1996-жылы Кыргыз улуттук университетин юриспруденция адистиги боюнча бүтүргөн.

Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.

Эмгек жолу:

1997-1998-жылдары - Талас шаардык прокуратурасында прокурордун жардамчысы;

1999-2002-жылдары - Талас шаарынын прокуратурасында тергөөчү;

2002-2005-жылдары - Талас облусунун Бакай-Ата районунун прокуратурасында тергөөчү;

2005-2006-жылдары - Ош облусунун Алай районунун прокуратурасында тергөөчү;

2006-2008-жылдары - Ош облусунун прокуратурасында тергөөчү;

2008-2011-жылдары - Баткен облусунун Кадамжай райондук прокуратурасында прокурордун орун басары;

2011-2015-жылдары - Баткен облусунун Лейлек районунун прокуратурасында прокурор;

2015-2018-жылдары - Жалал-Абад облусунун прокуратурасында прокурор.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан