Бүгүн, 24-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков башкы прокурор кызматына Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлигин сунуштап, анын Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция карады.
Жыйында депутат Дастан Бекешев (КСДП) Өткүрбек Жамшитовдун облус прокурору болуп турган учурундагы маянасына кызыкты. Жамшитов депутатка жооп кылып жатып “айлыгым 30 миң сомдун тегерегинде болчу” деп билдирди.
Депутат прокурорлордун жашоо-шартынан жана айдаган унаасынан коррупциялашып кеткенин баалоого боло турганын кошумчалады.
“Азыр Бишкектеги прокурорлорду карасаңыз: 30 миң сом эмес, 30 миллион сом айлык алгандай жашап жүрүшөт. Айдаган унаалары күнүнө 100 литр май ичет. Жарандар анын баарын көрүп жатышат. Жөнөкөй мисалдар: кылмыш иши козголот, кайра кыскарып кетет. Статистикада миңдеген иштер козголуп, кайра токтоп жатат. Бул туура эмес көрүнүш”, - деди Бекешев.