Орусия Ооганстандан келчү террордук коркунучтардан улам Тажикстан жана Кыргыз өлкөсүндөгү өзүнүн аскердик базаларын күчтөндүрүүдө. Бул тууралуу орус басылмалары Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгунун берген маалыматына таянып жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, мындай аракет Ооганстандан Орусиянын жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин аймагына террорчулар кирип кетүүсүн алдын алуу болуп саналат.
"Сергей Шойгу Астана шаарында өткөн ЖККУнун жыйыны учурунда Тажикстан менен Кыргыз өлкөсүндөгү орусиялык аскердик базаларды күчтөндүрүп жатканын билдирген. Мындан тышкары ал аскердик техникалар жана заманбап куралдар менен камсыздап жатканын кошумчалаган. Ошондой эле Шойгу быйыл сентябрь айында "Ысык-Көл-Антитеррор-2018" биргелешкен окутуусун өткөрүү пландалып жатканы кабарлады", - деп жазышат басылмалар.
Айта кетсек, Кыргыз өлкөсүнүн Кант шаарында Орусиянын аскердик базасы жайгашкан.
2017-жылы 28-февралда Орусиянын президенти Владимир Путин Бишкекке иш сапары менен келгенде бул база тууралуу төмөнкүнү айткан. "Орусиялык аскердик базанын Кыргыз жеринде болушу өлкөдөгү жана Борбордук Азия чөлкөмүндөгү туруктуулук үчүн керек деген чечимге келдик. Орусиянын аскердик базасы түзүлүп жатканы эсимде. 1999-2000-жылдары Кантта өлкө жетекчилигинин өтүнүчү менен уюшулган. Ошол мезгилде Кыргыз өлкөсү Ооган согушкерлеринин чабуулуна кабылган эле.
Террордук кооптонуулардан улам өлкө жетекчилиги аскердик түзүлүштү киргизүүнү суранган. Ошол учурдагы мамлекет жетекчилиги өлкөдөгү кырдаалды билген тарап аскердик базаны киргизиши керек деген чечимге келген. Эгер Кыргыз тарап аскердик базанын кереги жок десе, биз ошол күнү чыгып кетебиз. Бул жерге аскердик контингентти жайгаштырууга бизде муктаждык жок. Бизге бул дагы чыгаша экенин эске алгыла", - деген Путин.