БШК өзүнө тийиштүү айрым маалыматтарды жашырган талапкерлерди жоопко тартууну сунуштоодо

Шайлоолордо талапкер өзүнө тиешелүү айрым маалыматтарды жашырып койсо жопкерчиликке тартылышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде SUPER.KG порталына Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

"БШКда шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча иш алып барган атайын жумушчу тобу бар. Ошол жумушчу топтун ишинде бир канча кыйынчылыктар жаралууда. Мисалы, соттолгонун, кош жарандыгын жашырып койсо иш алып барууда маселелер жаралат. Мындай учурда жашырып койгон тарапка жаза берүүчү нормалар каралган эмес. Учурда биз "талапкер, партия маалыматты жашырып койсо ошол процесстин катышуучусу катары жоопкерчилик тартсын" деген норманы сунуштап жатабыз, жакын арада иштеп чыгып Жогорку Кеңешке беребиз", - деди Бекматов.

Мыйзамга ылайык, кош жарандыгы бар адам жогорку кызматтарга бара албайт. Ушул жылдын башында Казакстанда колго түшкөн Дамирбек Асылбек уулунун Казакстанда жарандыгы бар экени аныкталып, мандатынан ажыратылган. Бүгүн, 24-апрелде депутаттык мандатка ээ болгон "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Сагындык Келдибаевдин да кош жарандыгы бар экенин коомдук уюмдар айтып чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
jbolotov
2018-04-24 16:07:17
БШК шайлоо уюштургандар канча жылдан бери элди каратып туруп алдап келатышат, камалышсын, закон баарына бир экенин билгизген бийлик келсе жакшы болмокда.
0
suyor
2018-04-24 16:20:51
Шайлоодо берген убадаларын 5 жыл ичинде аткарбагандарды да жоопкерчилике тарта турган сунуш киргизгиле, ойлонуп убада берип калышат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан