Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Эльвира Сурабалдиева 16-апрелде экс-президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда "Ала-Арча" резиденциясында өткөн жолугушуу эмоционалдуу болгонун билдирди. Бул тууралуу ал 24-апрелде социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
"Ал жерде болгон окуя партиянын ички иши болуп саналат. Ошондуктан укканын жайгандарды ошол жолугушууга катышкандардын абийирине койдум. Адамдык жүзүбүздөн айрылбайлы. Миллиондогон жердештерибиз биздин саясат оюндарыбызга тоюп, мамлекеттин экономикасын качан көтөрөсүңөр деп күтүп жаткан кезде, эрке кыздай даттанганды туура эмес деп чечтим", - деп жазган.
Буга чейин интернетте КСДПнын өткөн жыйынында айрым пикир келишпестиктердин айынан Сурабалдиева ыйлап жиберген деген сөздөр жазылып, талкууга алынган эле.