Алтынай Жайнакова: "Былтыркы окуядан кийин жол коопсуздугунун кызматкерлери артымдан түшүп алышты"

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери менин артымдан түшүп алышты. Мындай пикирин Алтынай Жайнакова SUPER.KG порталына билдирди.

"Окуя 19-апрелден 20-апрелге караган түнү болгон. Анда менин курбу кызым таанышынын унаасын айдоочулук күбөлүгү жок айдап чыккан. Аны унаанын ээси жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлерине айтып коюптур. Биз жолдо кетип бара жатканда кызматкерлер бизге каршылаш өтүшкөн. Бирок кайрылып келип бизди токтотушту. Биринчиден, алардын кайрылып келип токтотконго укуктары жок болчу. Экинчиден, унаанын курун тагынган эмес деп айтып жатышат. Унаанын курун курбу кызым алар жаныбызга басып келишкенде гана чечти. Окуянын ырбашына менин унаада болгонум да себеп болду окшойт. Себеби тиги кызматкерлерге менин унаада отурганым табылбай турган нерсе болчу. Ал эми тартылган видеодо мени ар кимге телефон чалып, кутулуунун жолун издеп жатат деп айтышканы калп. Ал жерде мен эч кимге байланышкан эмесмин, болгону ошол убакта мага таанышым телефон чалып калган. Мен ага окуя тууралуу айтып бергем, аны башкача мааниде чыгарып коюшту", - дейт Жайнакова.

"Мындан бир аз күн мурун Ош шаарындагы бир имараттын алдындагы тыюу салынган жерге унаамды токтотуп койсом, тийиштүү органдар жалгыз менин гана унаамды алып кетип калган. Жанында дагы бир канча унаа токтоп турган болчу. Бирок аларга тийишкен эмес. Негизи былтыркы окуядан кийин кызматкерлер менин артымдан түшүп алышты", - деп кошумчалайт Алтынай Жайнакова.

Эске салсак, Ош облустук жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери Ош шаарында жол эрежелерин одоно бузган жана мас абалындагы айдоочуларды кармаган. Алгачкылардан болуп унаасынын курун тагынбаган кыз токтотулган. Ал алгач инспектордун айткандарын аткарбай, тийиштүү документтерди көргөзгөн эмес. Ошондой эле анын жанында өткөн жылы милиция кызматкеринин кашын жара тепкен ырчы Алтынай Жайнакова отурганын көрүүгө болот. Алтынай Жайнакова катышкан чуулгандуу окуя былтыр да Ош шаарындагы Масалиев жана Абдыкадыров көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Анда ал өзүн журналист, эл тааныган ырчы катары тааныштырып, ар кимге телефон чалып Патрулдук милициянын кызматкерлерин коркуткан. Кийин унаасын айып жайга токтотуу үчүн алдына отурган Патрулдук милициянын кызматкеринин кашын арткы орундуктан буту менен жара тепкен. Анын үстүнөн "бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми Ош шаардык соту аны үй камагына чыгарган.

Милициянын кашын жара тепкен ырчы Алтынай Жайнакова кайрадан талкуу чордонунда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (25)
00AbibhanovMunarbek0045
2018-04-24 19:49:22
Рас болуптур сага бул аздык кылат
+6
Daak9091
2018-04-24 20:13:31
Болду ай кыз сенин суйлогон созундон мен уяалчу болдум кадимкидей бир уяалып койбогон адам экенсиго сенин ушул суйлогон созунду мышыгыма окутсам уяалып уйго кирбей жүрот
+15
suban78
2018-04-24 21:54:15
Daak9091,настроениени котордун го. Мышыгына айт эми кире берсин, шамал болтат сыртта, тынчырак уйдо отурсун
+9
Janna07
2018-04-25 03:39:01
Daak9091,боорду эзесинго
+2
uli1234
2018-04-24 20:29:27
Видеодо ОЗУ эле болчуго шериги жок рулдада озу болчу, мас болуп 3-4 адамга чалган ыйлап. Бир таанышы камера бар экенин угуп келбей койгонго тел-н очуруп, жалганды суйлобо ээ
+3
Paprikafm
2018-04-24 21:07:37
uli1234,сен айткан былтыркысы, жакында курбусу менен тушуптур
+5
buiga
2018-04-24 21:38:52
Куйгузот да куйгузот.Ушундай да ырчы барбы...?Видеосун коруп алып хаха тратим.Подружкасы маи кызматкерин "катыбачы "дейт го))
+5
dinar-87
2018-04-24 22:01:29
Жаман эзме болуп кетинерда бардыгы эле адашат да адам болгондон кийин.
-2
Sveta23
2018-04-24 22:06:09
Бул ким өзү.Кармаганга укуктары жок эле деп.Без права бир карыш да айдаганга болбойт.Өзүнчө эле "умница"Арга жоктон только күлөсүң да.
+7
Janna07
2018-04-25 03:42:31
Андып алган болсо ажеп болуптур! Бул кызды ким ырчы деп атат, ырчы десенер эле менин кулкум келеберет. Бул только ХХХХ ишенет
+2
NURSAPAR
2018-04-25 07:50:24
Кып кызыл бет тырмоочу го, видеосу жок болсо, мен жок элем дегидей
+2
nurbekasr
2018-04-25 08:50:17
Жани жок Жайнакова,жаман жалганды келтиресин да.Видеодо тааныштарга эле звандап жатты го.Ушул певичка жөн жүргөн күнү болот бекен,уялыш да керек го.Бул ырчы бирөөгө эле күйөөгө тийип эле ХХХХХХХХХ
+2
Alicia
2018-04-25 09:17:57
:))))))) takaya chestnaya
+1
mamatkerim
2018-04-25 09:28:11
Тыюу салган жерге токтотуп койсом дейт го, озун тийишип журот экенсин да аларга.
+6
nazgul20
2018-04-25 10:02:34
Атын чыкпаса жер ортто
+1
Nuri1988Elim2010
2018-04-25 11:00:23
Ой тобаа,тан каласын оздору жол коопсуздугун сактабайтта,анан эле маи кызматкерлери токтотсо аппак болуп чыга келет!Ким тааныйт бул ырчыны кандай ырлары бар
+2
bekub1473kg
2018-04-25 11:32:11
Кызды куноологонду токтоткулачы ал да туура болгон учун айтып атат биздин гайилер оздору жол эрежени биринчи бузуп берет заправкалардан бензинди толтура куйуп кеттип аялынын машнашсына куят оз козум мн коргом
-1
Kirajsjk
2018-04-25 11:41:22
milisiyalar biraz aialdarga bolgon mamilenerdi ozgortkulo..bul ele kiz emes bawka joow enelerge kilgan mamilelerin korgom,orondop kagip silkiwip.Ech kimdi tuwurbosun milisiya vrachyarga
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан