Мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү керек. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде КСДП фракциясынан депутат Кожобек Рыспаев Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында айтты.
Анын билдиришинче, тендер аркылуу алынып келип жаткан товарлар сапатсыз болууда.
"Мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзам бар. Өкмөт өзү да азыр өзгөртүү киргизүү боюнча аракет кылып жатат. Бул боюнча Мухаммедкалый Дүйшөкеевичке да кайрылганбыз. Азыр энергетика тармагына алынып жаткан жабдыктардын сапаты калды. 20-30 жыл кызмат кыла турган жабдыктар алынбай, 2-3 жыл аралыгында сынып, кайра тендер аркылуу сатып алууга туура келген жабдыктарды алып калдык. Күч органдары сатып алган жактарды "эмне үчүн 10 долларга кымбат алдың" деп сапатына карабай мыйзамга такап жаткан учуру. Муну ортого салыш керек. Заводдон жабдыкты интернет аркылуу көрүп эле сапатын, баасын карап сатып алса болот да. Айыл өкмөттүн унаасынын сынып калган тетигин сатып алууга да тендер жарыялабай, өтө кымбат баадагы жабдыктарды тендер аркылуу алууга уруксат берип, калганын калтырып эле коюш керек", - деди Рыспаев.