Кубатбек Боронов: "Ишкерлерге жеӊилдик берели деп жатып, көп нерсени колдон чыгарып коюптурбуз"

"Ишкерлерге жеӊилдик берели деп жатып, көп нерсени колдон чыгарып коюптурбуз", - деп бүгүн, 24-апрелде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Ал стратегиялык объектилерди Экономика министрлигинин уруксаты менен жылына бир гана жолу текшерүүгө мүмкүн экенин айтты.

"Текшерүү жүргүзүү үчүн Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция 10 күн мурун кабар берет. Кабар берилгенден кийин ишкерлер даярдык көрүп алышат. Албетте, аларга жагымдуу шарттарды түзүп берүү зарыл, бирок ал чеги менен болушу керек", - деди Боронов.

Андан кийин ЖЭБдеги маселелер боюнча оюн билдирди. "Бишкек ЖЭБ 1961-жылдары 50 мегаваттыкка ылайыктап салынган экен. Ошол учурдагы долбоорго ылайык суунун көлөмү менен азыркыга чейин иштеп жатат. Ушундай бүдөмүк маселелер көп. Биз азыр тыгыз иштеп баштадык. Бул тармакты түп тамырынан карабасак болбойт", - деди Боронов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
KAYRATBEK
2018-04-24 21:08:31
Ассаламу алейкум.

Боронов бороондой болуп системаны тазалабасаныз болбой калды. Тажадык ар кимге ар нерсебизди жедире берип. Ото чоон умутубуз бар сиздердин команданыздардан. Реформа кутобуз.
+2
bond02
2018-04-25 00:15:55
ушул киши Алайдан болобу же Озгондонбу билгендер айтып койгулачы бироо менен спорлошуп жаттым эле.
0
asiret
2018-04-25 10:39:36
bond02,Алайдан болот
0
suiun_ramis2017
2018-04-25 14:18:37
Алайдан болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан