Мирлан Жээнчороев: "Жаңы башкы прокурор элдин мүлкүн коргоп, бюджетти коргогон иштерди аткарыш керек"

Башкы прокурорлукка сунушталган Өткүрбек Жамшитов туура тандалдыбы, ал эмнеге көңүл буруп, кандай катачылыктарга жол бербеши керек деп эсептейсиз деген суроонун негизинде SUPER.KG порталынын соболуна "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Мирлан Жээнчороев жооп берди.

Жээнчороев Жамшитов кандай башкы прокурор болорун иш менен көрсөтсүн деген оюн айтты.

"Баш прокурорлукка талапкер менен жаңы эле таанышып жатам. Иш тажрыйбасын көрдүк, юридикалык кесипти алгандан бери прокуратура органдарында иштеген. Эң төмөнкү "стажёр" кызматынан баштап, тергөөчү болуп, ар бир кызматтык тепкичти басып өтүп, облустук прокурор болуптур. Системден чыккан киши экен. Эми кандай баш прокурор болорун иши көрсөтөт. Эң чоң даражадагы жооптуу кызматка барып жатат. Мурдагы жетекчилердин дарегине көп сын-пикирлер айтылышы мүмкүн, бирок жакшы жактарын да айтыш керек. Индира Жолдубаева башкы прокурор болгондо ыплас иштер да жасалган, ошол эле учурда прокуратура органдары 4-5 миллиард сомду өндүрүп берген. Ошол жолдон тайбаш керек. Бул ишти күчөтүү керек. Мамлекеттин кызыкчылыгын коргоп, элдин мүлкүн коргоп, бюджетти коргогон иштерди аткарыш керек. Коалициялык көпчүлүктүн жыйынында биз башкы прокурорлукка талапкерге каалообузду айттык: мыйзамдын гана талабын аткарыңыз, саясаттан алыс болуңуз. Саясатты саясатчыларга бериш керек. Эгер мамлекет сени кызматка алса, башкы прокурор кызматына барып жатсаң, мыйзамды коргошуң керек", - деди Жээнчороев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Бакирдин Субанбеков, Айсулуу Мамашова, Айнуру Алтыбаева, Мирлан Бакировдун пикирлери төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан