Депутат Айсулуу Мамашова башкы прокурорго мыйзамдарды так сактоо талабы гана коюлганын айтты

Башкы прокурорлукка сунушталган Өткүрбек Жамшитов туура тандалдыбы, ал эмнеге көңүл буруп, кандай катачылыктарга жол бербеши керек деп эсептейсиз деген SUPER.KG порталынын соболуна "Ата Мекен" фракциясынан депутат Айсулуу Мамашова жооп берди.

"Ар бир облуста иштеп келгени тууралуу тажрыйбасын уктум. Андан башка эч нерсе уга элекмин. Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында карамакпыз. Эртең карап, угуп, анан ой пайда болот. Мыйзамдын жолунда иштеш керек. Ошондо депутаттарда, башкаларда эч кандай суроо болбойт. Башкы прокурорго бир эле талап коюлат. Ал мыйзамдарды так сактоо", - дейт.

Жогорку Кеңештин депутаттары Бакирдин Субанбеков, Мирлан Жээнчороев, Айнуру Алтыбаева, Мирлан Бакиров, Урматбек Самаевдин пикирлери төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан