Башкы прокурорлукка сунушталган Өткүрбек Жамшитов туура тандалдыбы, ал эмнеге көңүл буруп, кандай катачылыктарга жол бербеши керек деп эсептейсиз деген суроонун негизинде SUPER.KG порталынын соболуна КСДП фракциясынан депутат Айнуру Алтыбаева жооп берди.
Алтыбаева Жамшитов прокуратура тармагында эмгек жолун эң биринчи тепкичтен баштаганы жакшы экенине токтолду. "Жамшитов ушул күнгө чейин прокуратура тармагынын ар бир тепкичин басып келиптир. Райондордо, облустарда иштептир. Ал кесипкөй болгондуктан анын талапкерлигин комитетте, коалициялык көпчүлүктө да колдодум. Ар бир жарандын укугун коргогон Башкы прокуратура өздөрүнүн ичинде тазаланышы керек. Прокуратурада иштегендер чоң суммадагы пара алып кармалууда. Ошондуктан биринчи өзүңөрдө тазалануу болушу керек деп сунуштадым. Эми Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында менчикке өтүп кеткен социалдык объекттерди кайтарууну сунуштайм", - дейт Алтыбаева.
Жогорку Кеңештин депутаттары Бакирдин Субанбеков, Мирлан Жээнчороев, Урматбек Самаев, Мирлан Бакиров, Айсулуу Мамашованын пикирлери төмөнкү шилтемеде.