Борбордогу катуу шамалдын кесепетинен жабыркагандар жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдирди.
"Алынган маалыматтар боюнча борбордогу катуу шамалдан жабыркагандар жок. Учурда бардык облустардан тактоо иштерин жүргүзүп жатабыз. Бүгүнкү шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метр болгондуктан, өзгөчө кырдаал катары саналбайт", - деди маалымат катчы.
Айта кетсек, буга чейин ӨКМ Чүй облусу менен Бишкек шаарынын аймагында ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жеткен катуу шамал болушу күтүлө турганын билдирген.