Нарын ОИИБи тарабынан акыркы үч айда 244 кылмыш иши катталган. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин 1-кварталындагы ишти жыйынтыктоо жыйынында маалым болду.
Маалыматка ылайык, облуста мал уурулук менен 25 адам анын ичинен 16 адамдан турган 6 кылмыштуу топ кармалып, алар тарабынан мал уурулук боюнча 41 кылмыш иши жасалгандыгы аныкталган. Облустун аймагында 3 айда жүргүзүлгөн профилактикалык иштердин натыйжасында коомдук жайларда катталган кылмыштардын саны 9дан 6га, көчөлөрдө катталган кылмыштар 4төн 1ге, бейбаштык кылмыштары жана мас абалында жасалган кылмыштар азайган.
Ал эми ыкчам-тергөө тобу тарабынан акыркы үч айда 491 чакыруулар келип түшкөн. Анын ичинен 166 үй-бүлө чатактары, 293 дарылоо мекемелерине чакыруулар боюнча, ал эми 32 чакыруу жалган билдирүүлөр экендиги аныкталган. Жалпысынан Нарын ОИИБине жалпы 2976 укук бузган адам алынып келгени маалымат жыйында маалым болду.