Бүгүн, 25-апрелде Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган өкмөттүн курамы Жогорку Кеңеште ант берет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ант берүүгө президент Сооронбай Жээнбековдун катыша турганы күтүлүүдө.
Белгилей кетсек, 20-апрелде Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, жаңы өкмөттүн курамын, түзүмүн жана программасын жактырып бекиткен. Жыйынга 115 депутат катталып, өкмөттүн курамы үчүн "макул" деп баары бир добуштан колдоду.