Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 24-апрелде Ички иштер министрлигинин жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчилеринин катышуусунда жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөдөгү коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун тийиштүү түрдө камсыздоонун маанилүүлүгүн белгиледи. "Коомдо укук коргоо органдарына карата олуттуу сындар, анын ичинде коррупциялык көрүнүштөр боюнча да нааразычылыктар бар. Коопсуздук кеңештин 2018-жылдын 8-февралындагы чечимдерине ылайык, укук коргоо органдарындагы коррупция менен күрөш айныксыз түрдө, ээлеген кызмат орундарына карабастан жүргүзүлүшү кажет. Укук коргоо органдарына кесипкөй жана таза адистер тартылышы керек", - деди ал.
Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Идрис Кадыркулов өкмөт башчыга өлкөдөгү коомдук-саясий жана криминогендик абал, ошондой эле Тогуз-Торо районундагы алтын өндүрүү фабрикасынын өрттөлүшү, Бишкек жана Жалал-Абад шаарларындагы ири базарлардагы өрт фактысы боюнча кылмыш иштерин иликтөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат беришти.
Өкмөт башчы аталган иштерге тийиштиги бар жактар мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылышы керектигин баса белгиледи.
Премьер-министр аталган иштердин бардык жагдайын дагы бир ирет тыкыр иликтеп чыгып, өлкөнүн ири базарлардагы коопсуздук техникасынын сакталышы боюнча жумушчу кеңешме уюштурууну тапшырды.
Мындан тышкары, Абылгазиев Бишкек жана Ош шаарларында "Акылдуу шаар" долбоору алкагында фото жана видеобайкоо жүргүзүү тутумун баскыч-баскычы менен орнотуу боюнча сунуштарды киргизүүнү тапшырды.
"Аталган долбоордун ишке ашырылышы бирдиктүү стандарт боюнча ачык-айкын, чет мамлекеттердин тажрыйбасын эске алуу менен ишке ашырылып, катардагы жарандарга түшүнүктүү болушу шарт", - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.