24-апрелде Чүй облусунда болгон катуу шамал бир катар райондордо турак үйлөрдүн чатырын учуруп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Сокулук районунун Романовка айылындагы Гагарин көчөсүндөгү 12-турак үйүнүн бастырмасынын 15 чарчы метр чатырын шамал учуруп кеткен. Москва районунун Александровка айылындагы Фрунзе жана Калимова көчөлөрүнүн кесилишиндеги кафенин 100 чарчы метр чатыры катуу шамалдан кыйраган. Аламүдүн районунун Лебединовка айылындагы, Ысык-Көл көчөсүндөгү турак үйдүн 33 даана шиферин жана Ленин айылынын Алматы көчөсүндөгү турак үйүнүн чатырын шамал учурганы айтылат маалыматта.
Бүгүн, 25-апрелде райондук жарандык коргоо комиссиялары тактоо иштерин жүргүзүшөт.