Жогорку Кеңеште Алтынай Өмүрбекованын ордуна келген депутат Сагындык Келдибаев ант берди

Бүгүн, 25-апрелде Жогорку Кеңеште Алтынай Өмүрбекованын ордуна келген депутат Сагындык Келдибаев ант берди.

"Жогорку Кеңештин депутаты болуп жатып Кыргыз Республикасына берилгендигимди билдирип, мыйзамдарды так аткарууга ант берем", - дейт Сагындык Келдибаев.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков депутаттын ишине ийгиликтерди каалады.

Кечээ, 24-апрелде Келдибаевге Борбордук шайлоо комиссиясы мандат тапшырган.

Эске салсак, 20-апрелде "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Алтынай Өмүрбекова вице-премьер-министр кызматына дайындалганына байланыштуу депутаттык мандатын тапшырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан