Сайдулла Нышанов: "Тогуз-Торонун тургундары камалгандардын арасында эки мектеп окуучусун бошотууну суранууда"

Тогуз-Торонун тургундары алтын комбинаттын өрттөлүшүнө алып келген чуу боюнча кармалган 12 адамдын арасындагы эки мектеп окуучусун бошотууну суранууда. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сайдулла Нышанов билдирди.

"Тогуз-Тородогу кишилер чогулуп жатыптыр, мен азыр алар менен жолуктум. Жогорку Кеңештин төрагасына, жаңы шайланган өкмөт мүчөлөрүнө, күч түзүмдөрүнө кайрылып жатат. Кармалган балдардын ичинде эки мектеп окуучусу бар экен. Ушул боюнча суранып жатышат. "Бул балдар ал жерде көп кармалып калса, келечегине балта чабылып калбасын" деп жатышат. Азыр кармалган балдарды Жалал-Абад шаарына которгону жатыптыр. Жалал-Абадга Тогуз-Тородон жол ачыла элек. Барып келген чыгымдар көбөйөт, ошондуктан аларды Бишкекте эле калтырып берсе деп суранып жатышат", - деди Нышанов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан