Бүгүн, 25-апрелде Жогорку Кеңеште премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ант берди.
"Өз элимдин, Жогорку Кеңештин, президенттин алдында Конституцияны жана анын мыйзамдарын ыйык сактоого, өз милдеттеримди берилип аткарууга ант берем. Берген антымды бузган учурда мыйзамдарга ылайык жооп бергенге даярмын", - дейт Абылгазиев.
Учурда өкмөт мүчөлөрү ант берип жатат. Ага президент Сооронбай Жээнбеков катышууда.
Белгилей кетсек, 20-апрелде Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, жаңы өкмөттүн курамын, түзүмүн жана программасын жактырып бекиткен. Жыйынга 115 депутат катталып, өкмөттүн курамы үчүн "макул" деп баары бир добуштан колдогон.