Бишкекте троллейбус сүзүп кеткен аял каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кечээ, 24-апрелде Бишкек шаарынын Москва жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде 8-троллейбус 51 жаштагы аялды сүзүп кеткен. Натыйжада жаракат алган аял "Тез жардам" кызматы келгенче каза болуп калган. Учурда керектүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Айта кетсек, буга чейин окурман аял кишини Бишкек шаарынын Москва жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде троллейбус сүзүп кеткенин кабарлаган.