Боор циррозу менен ооруп элден жардам сурап кайрылган Раат Айтматова дарылануусун баштады

Боор циррозунун акыркы стадиясы менен ооруган Раат Айтматова дарылануусун баштады. Бул тууралуу Раат айым бүгүн, 25-апрелде SUPER.KG порталына билдирди.

Маалым болгондой, Раат Айтматова боору ооруп төшөктө жатып калган. Мындан улам ал дарылануу үчүн SUPER.KG порталы аркылуу элден жардам сурап кайрылган.

Боорукер жарандардан Раат Айтматованын эсебине 20 миң сомго жакын акча которулган.

“SUPER.KG порталы аркылуу элден жардам сурап кайрылгандан кийин эсебиме акча которуп, бирдик салып, жашаган үйүмө чейин келип акча бергендер болду. Кудайга шүгүр, эл арасында боорукер жандар көп экен. Баарына ыраазычылык билдирем. Дарылануу үчүн бир аз акча чогулгандыктан дарылануумду баштадым. Жума күнү бейтапканага келгем. Эми томографияга түшөйүн деп жатам. Күчтүү дарыларды сатып алдык. Балам сайтка кирип мага жакшы каалоо-тилектерин жазган моралдык колдоо көрсөтүп жаткан колдонуучулардын комментарийлерин окуп берди. Абдан кубанып жатам. Баары аман болушсун”, - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
ashamkan
2018-04-25 13:03:53
Кудайым шыпаасын берип, айыгып кетиниз.
+8
ere
2018-04-25 13:10:04
Шыпаасын берсин аллах!
+8
Tolkun555
2018-04-25 13:23:06
Азиз Мурадиллаевдин дарылануусу эмне болду?жакшы болуп кеттиби?
+4
Gulnyr19
2018-04-25 13:23:26
Алла шыпаасын берсин апаларыбыз оорубасын
+5
i1urp
2018-04-25 14:11:10
Жараткан Тенир ден соолук берсин.
-4
pat12
2018-04-25 14:39:06
Оору оору эмес, ооруну баккан оору. Тенирим сактасын оорудан.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан