Депутат Шыкмаматовдун соттук иши бир айга жылдырылды

Бишкек шаардык соту депутат Алмамбет Шыкмаматовдун соттук ишин кароону бир айга жылдырды. Буга аны менен бирге айыпталып, абакта отурган Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиевдин ооруп калганы себеп болду. Анын жактоочусу Иманалиев гипертония илдети менен ооруп жатканын айтып, сот отурумун жылдырып туруу өтүнүчүн келтирди. Жыйынтыгында соттук жамаат ишти кароону 28-майга жылдырууну чечти.

Белгилей кетсек, "Алмамбет Шыкмаматов 2011-жылы Эсептөө палатасынын аудитору болуп турганда жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген" деп айыпталууда.

Биринчи инстанциядагы сот иши Биринчи Май райондук сотунда каралып, 19-декабрда Шыкмаматовго, Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиевге жана Германиянын Кыргыз мамлекетинде жашаган жараны Али Юкселге өкүм чыгарылган. Соттун чечимине ылайык, Шыкмаматов 5 миллион сом айыпка жыгылган. Иманалиев 10 жыл 6 айга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланып, эркиндикке чыккандан кийин 3 жыл мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштебейт. Ал эми алар менен бирге айыпталып жаткан Юксел жазадан бошотулган. Шыкмаматов соттун мындай чечимине каршы экенин билдирип, Бишкек шаардык сотуна кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
stimyl.kg
2018-04-25 13:38:06
Соттор кандай жылдыр деген өтүнүчтү орундап калышты? Ооруп атса да бир күндө бүтүргөнгө аракетенишчү эле.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан