Бүгүн, 25-апрелде Жогорку Кеңештин оппозициялык фракцияларына бөлүнгөн эки комитеттин төрагалыгына талапкерлер каралды.
Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагалыгына көпчүлүк добуш менен Наталья Никитенко шайланды. Ал эми Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагалыгына Эмил Токтошев бекитилди.
Белгилей кетсек, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагалыгына Тынчтыкбек Шайназаровду жана Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагалыгына Зиядин Жамалдиновдун талапкерлигин сунуштаган болчу.
Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагалыгына талапкерлерге берилген добуштар:
- Тынчтык Шайназаров – 37 добуш;
- Наталья Никитенко – 76 добуш.
Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагалыгына талапкерлерге берилген добуштар:
- Эмил Токтошев – 66 добуш;
- Зиядин Жамалдинов – 50 добуш.
Буга чейин "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутаттар аталган эки комитеттин төрагасы болчу. Фракция көпчүлүк коалициянын курамына киргенден кийин оппозициялык фракциялар жетектеген эки комитеттин төрагалары өз ордуларын бошотушкан.
Айта кетсек, Жогорку Кеңештин 9 комитети бар, алардын жетөө көпчүлүк коалициясына, экөө оппозициялык блокко бөлүнгөн.