Кыргыз өлкөсүндө калктын саны өсүүдө. Бул тууралуу мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин билдирүүсүнө ылайык, 2018-жылдын биринчи кварталында 42 миң 411 наристе жарык дүйнөгө келген. Бул көрсөткүч 2017-жылдын 1-кварталына салыштырмалуу 10 миң 939гө көбүрөөк.
Ал эми 2018-жылдын 1-кварталында 8360 адам көз жумган, бул 2017-жылга салыштырмалуу 6,7 пайызга жогору.