Талас облусунун Манас районундагы Покровка айылында мектеп окуучусу изделип жатат. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, изделип жаткан кыз 11-апрелден бери дайынсыз.
"Манас районунун Покровка айылынан 2001-жылы туулган А.С. аттуу окуучу кыз дайынсыз болууда. Ал аталган күнү түшкө маал үйүнөн чыккан боюнча кайтып келген эмес. Ал буга чейин бир жолу жоголуп кайра табылганы аныкталды. Учурда издөө иштери жүргүзүүлүдө", - деп билдирди басма сөз кызматынан.
Эске салсак, 18-апрелде Талас облусунун Манас районунда окуучу кыз дайынсыз болуп, кечээ, 24-апрелде табылган.