"Чек арасыз кабарчылар" эл аралык мамлекеттик эмес уюму изилдөө жүргүзүп, өлкөлөрдөгү сөз эркиндигинин деңгээлин жарыялашты.
Маалыматка ылайык, изилдөө иштери дүйнөнүн 180 өлкөсүндө жүргөн. Жарыяланган рейтингге таянсак, 1-орунда Норвегия, 2-орунда Швеция, 3-сапка Нидерланды өлкөсү жайгашкан. 2017-жылга салыштырмалуу Түштүк Кореяда сөз эркиндигинин абалы жакшырып, өлкө 63-орундан 43-орунга көтөрүлгөн.
АКШ эки сапка төмөндөп, 45-орунга жазылган. Ушундай эле абал Мальта (47-орундан 65-орунга), Сербия (66-орундан 76-орунга), Чехия (23-орундан 34-орунга) өлкөлөрүндө байкалган. Сөз эркиндиги жокко эсе деп Түндүк Корея табылып, 180-орунга жазылган.
Ал эми Кыргыз өлкөсү 89-орундан 98-орунга түшкөн. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, өлкөдөгү сөз эркиндигинин деңгээлинин төмөндөп кетиши массалык маалымат каражаттарына кысым көрсөтүү жана аларга чоң өлчөмдөгү айыптарды салуу менен байланыштуу.