Бүгүн, 25-апрелде Бишкек шаардык кеңешинин "Республика-Ата Журт" фракциясы мэрдин отчётун угуп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган фракциянын лидери Асылбек Кадралиев билдирди.
Ал буга чейин жыйын жабык эшик артында өтө турганын айткан. Кечээ, 24-апрелде депутат Канатбек Мүзүралиев фракцияга мэр Албек Ибраимов отчёт берерин айткан. Анда депутаттар мэрдин отставкага кетүү боюнча арыз бергенин же бербегенин тактай тургандарын билдирген.
Коомчулукта Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов кызматтан кетүү боюнча арыз жазганы тууралуу сөз болуп жатат. Мэр 29-апрелде өтө турган Бишкек шаарынын 140 жылдык мааракесинен кийин кете турганы айтылууда.