Ошто белгисиз затка уулангандар боюнча алгачкы жыйынтык чыкты. Бул тууралуу ОШ ШИИБинин басма сөз кызматынан билдирди.
"Ошто ууланган 15 окуучу менен 2 мугалим психотроптук заттан (клей) ууланганы аныкталды. Окуучулардын айтымында, алар класска кирген учурда целлофан баштыкта өзгөчө жыты бар зат жаткан, аны жыттап көрүшкөн. Андан кийин мугалим клейди сыртка алып чыгып ыргытуусун айткан. Бир канча убакыт өткөндөн кийин окуучулар өздөрүн жаман сезип "Тез жардам" кызматын чакырышкан. Ал эми клейди ууланган окуучулардын бири базардан сатып келген. Учурда ооруканага түшкөн окуучулардын абалы турукташып, үйгө чыгарылды", - деп билдирет басма сөз кызматынан.
Эске салсак, кечээ, 25-апрелде 15 окуучу жана эки мугалим белгисиз затка ууланышып, Ош облустук ооруканасына алынып келген.