Азимбек Бекназаров: "Экс-президент жөнөкөй жаран катары жашаш керек"

Экс-президенттерди кол тийбестиктен ажыратуу керекпи деген SUPER.KG порталынын суроосуна мурдагы башкы прокурор, коомдук ишмер Азимбек Бекназаров төмөнкүдөй пикирин билдирди.

Ал экс-президентке эч кандай жеңилдик берилбеши керектигин айтты.

"Ал жөн гана Кыргыз мамлекетинин жараны катары жашашы керек. Мен буга чейин да экс-президент резиденцияда жашабашы керектигин айтып, каршы сүйлөп келгем. 2000-жылы Өмүрбек Текебаев башында турган топ ошол учурдагы президент Аскар Акаевге кол тийбестик берүүнү киргизишкен. Ошондо да каршы чыккам. 2005-жылы президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнө кол тийбестик берүүнү алдыртып, бирок президенттикине күчүм жеткен эмес. Экс-президентте кол тийбестиктин сакталышы туура эмес. Бирок президент болуп турган учурунда керек. Анткени ал мамлекет башчы, кол башчы катары чоң-чоң иштерге барып чечим кабыл алуусу керек”, - деди Бекназаров.

Жогорку Кеңештин депутаты Анвар Артыков, экс-депутат Чолпон Жакупова, саясий серепчилер Марс Сариев жана Игорь Шестаковдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан