“Кыргызтелеком” мамлекеттик компаниясы ири көлөмдө трафикти арзан сата турчу жеткирүүчүлөрдү тапты. Бул тууралуу “Кыргызтелеком” компаниясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, “Кыргызтелеком” ААКсы интернеттин тарифин 3 жарым эсе арзандатып, трафиктин ылдамдыгын көбөйтүүнү пландаган. Ага ылайык, компаниянын директорлор кеңеши тендер өткөргөн.
Сынакка жалпысынан Орусия, Казакстан, Германия, Кытай жана Кыргыз өлкөсүнөн болуп 14 компания катышкан. Өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгы боюнча "Кыргызтелеком" интернет-трафикти арзан баада жеткирүүчү компанияны тандаган. Тактап айтканда, интернет-трафикти сатып алуу баасы 3,5 эсе арзандаган.
Бул кардарларды арзан жана ылдам интернет менен камсыздоого мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле компания жылына бир миллион доллар үнөмдөп калат деп айтылат маалыматта.