Чолпон Жакупова: "Экс-президенттин дымагы күчтүү болсо, ал ар дайым бийликти башкарууга аракет жасоону токтотпойт"

Экс-президенттерди кол тийбестиктен ажыратуу керекпи деген SUPER.KG порталынын суроосуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Чолпон Жакупова төмөнкүдөй пикирин билдирди.

Ал экс-президенттер боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарыл деген пикирде. “Биз эки ай мурун чоң тегерек стол өткөргөнбүз. Ошол жерде да мен "Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү керектигин көтөргөм. Биз ага өзгөртүү киргизмейинче кош бийлик башкаруу улана берет. Эгерде экс-президенттин дымагы күчтүү болсо, ал ар дайым бийликти башкарууга аракет жасоону токтотпойт. Кош бийлик - бул өтө кооптуу. Мамлекеттин коопсуздугу үчүн кош бийликтен башка жаман нерсе жок. Ошондуктан мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарыл.

Ал эми укуктук принцип жагынан алган болсок, бардык жарандар мыйзам алдында бирдей укукка ээ. Азыркы мыйзам боюнча мурдагы президентти туура эмес жасаган аракети үчүн жоопко тартууга мүмкүн эмес. Менин билишимче, бул мыйзамга 2013-жылы өзгөртүү киргизилген. Алар алдын ала мөөнөтү аяктагандан кийин кете турганын билип өзгөртүү киргизишкен. Анда экс-президент өлкө башчы болуп турган учурда жасаган аракеттери үчүн жоопкерчиликке тартылбай турганы так жазылып турат. Башка укуктук өлкөлөрдө бардык жаран бирдей укукка ээ”, - деди Жакупова.

Мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров, Жогорку Кеңештин депутаты Анвар Артыков, саясий серепчилер Марс Сариев жана Игорь Шестаковдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан