2017-жылы Жалал-Абад облусунун жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү факт боюнча 2 миллиард 180 миллион 640,1 миң сомду түзүп, план 113,3 пайызга аткарылды. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, бул сумма 2016-жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 256 миллион 760,1 миң сомго көп.
Облустун жергиликтүү бюджеттеринин киреше бөлүгүнүн курамы:
- Жөнгө салынуучу кирешелер (жогору жактан бөлүнгөн кирешелер) – 815 миллион 372,2 миң сом;
- Бекитилген кирешелер – 739 миллион 500,2 миң сом;
- Теңдештирүүчү трансферттер – 426 миллион 91,9 миң сом;
- Максаттуу трансферттер – 199 миллион 675,8 миң сом;
Анын ичинде:
- Кирешелердин түшпөй калуусу – 46 миллион 966,5 миң сом;
- Эмгек акы – 44 миллион 266,3 миң сом;
- Бийик тоолуу райондорго 50 пайыздык чегерүүлөр – 7 миллион 738 миң сом;
- Башка каражаттар – 100 миллион 705 миң сом.
Ал эми чыгаша бөлүгү былтыр 2 миллиард 23 миллион 865,4 миң сомду түзгөн.
Чыгашалар төмөнкүлөргө жумшалды:
- Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтарга – 786 миллион 975,5 миң сом;
- Турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө – 389 миллион 460,9 миң сом;
- Экономикалык маселелерге – 55 миллион 319,3 миң сом;
- Билим берүүгө – 631 миллион 157,9 миң сом;
- Социалдык коргоого – 55 миллион 317,7 миң сом;
- Эс алуу, маданият жана динге – 100 миллион 453,9 миң сом.