Экс-президенттерди кол тийбестиктен ажыратуу керекпи деген SUPER.KG порталынын суроосуна саясий серепчи Марс Сариев төмөнкүдөй пикирин билдирди.
Ал башка өлкөлөрдү мисал кылып, кол тийбестик боюнча оюн айтты. “Экс-президенттерден кол тийбестикти алып салуу керек. Мүмкүн бул Европага жарашат. Анткени кол тийбестик болсо прокуратура дагы эч нерсе кыла албайт. Мыйзам боюнча кылмыш ишин ача алышпайт. Ошондуктан бул бизге жарашпайт.
Карап көрсөк, буга чейин Кыргыз мамлекетинин эки президенти качып кетти. Ошол эле учурда экономиканын абалын карагыла. Ошондуктан президенттердин жоопкерчиликтүү болушу үчүн кол тийбестикти алып салуу зарыл. Ошондо башкача мамиле кылышат. Эки президент качып кетип эч ким эч нерсе кыла албай эле жүрөт го. Европада азыр президенттер жөн эле эл менен аралашып көчөдө жүрөт. Президенттер коркпошу керек. Ал эми Түштүк Корея, Перуну карап көргүлө, экс-президенттерин эмне кылып жатышат. Эми Орто Азияда “бул президент, чатак чыгып кетпесин” деп кол тийбестикти бере коюшат", - деди Сариев.
Мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров, Жогорку Кеңештин депутаты Анвар Артыков, экс-депутат Чолпон Жакупова, саясий серепчи Игорь Шестаковдун пикири төмөнкү шилтемеде.