Бишкекте 86 гектар жер тилкесинин 5 жылга ижарага берилишин УКМК менен Башкы прокуратура иликтеши мүмкүн. Парламенттин 26-апрелдеги жыйынында депутат Акылбек Жамангулов бул фактыны тийиштүү органдар иликтеп, жыйынтыгы боюнча Жогорку Кеӊешке маалымат берилишин талап кылды.
"Депутат Канатбек Исаев убагында Токмок шаарында жер тилкесин мыйзамсыз ижарага берген деп 12 жылга соттолуп кетти. Бишкекте 86 гектар жер тилкеси капиталдык курулуш үчүн 5 жылга ижарага берилип кеткени боюнча эч кимдин жоопкерчилиги каралган жок. 1 гектар жер 10 миӊ долларга жетпеген акчага берилип жатат. Жерди ижарага алгандар аларды кайра башка бирөөгө сатып жиберген учурлар бар. Жогорку Кеӊештин атынан УКМК менен Башкы прокуратурага протоколдук тапшырма берилсин. Бул иштер териштирилиши керек", - деди Жамангулов.
Депутаттын сунушуна төрагадан жооп болгон жок.
Буга чейин Акылбек Жамангулов Бишкекте 84 гектар жер 5 жылга ижарага берилип, ал жерлерде курулуштар башталып кеткенин айткан.
Буга чейин Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов анын тушунда 6 гектар жер ижарага берилгенин, калган жерлер мурдагы шаар жетекчилери тарабынан берилип кеткенин айткан.