Дастан Бекешев Жогорку Кеңеште аудио китептердин аздыгына тынчсызданды

Депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин 26-апрелдеги жыйынында аудио китептердин аздыгына тынчсызданды. Анын пикиринде, аудио китептерди чыгаруу үчүн акча тапса болот.

“Китепке көңүл бурбай жатабыз. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасынын негизинде жок дегенде 500 миң сом бөлүп кыргыз тилинде аудио китептерди чыгаруу керек. Орус, англис тилиндеги аудио китептер өтө көп, бирок кыргыз тилиндеги аудио китептер саналуу гана.

Университеттеги китептердин акыбалын карагыла. Керек болсо студенттерге 10-15 сомго ижарага беришет. Эми ошол окуу жайлар электрондук китепканаларды ачса болот да. Университеттерге бир жылда 3 миллиард 465 миллион сом контракт төгүлөт экен. Ошондуктан карап чыгыш керек. Керек болсо тийиштүү мыйзамга өзгөртүү киргизели”, - деди Бекешев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан