Рыскелди Момбеков жол кырсыктары боюнча өкмөттүк сааттын жарым жылдан бери өткөрүлбөй жатканына нааразы

Депутат Рыскелди Момбеков жол кырсыктары боюнча Жогорку Кеңеште өкмөттүк сааттын 6 айдан бери өткөрүлбөй жатканына нааразы болду. Эл өкүлү өкмөттүк саат өткөрүү боюнча төраганын тапшырмасы аткарылбай жатканын да сынга алды.

“2017-жылдын 5-ноябрында жол кырсыктары боюнча парламентте өкмөттүк саат өткөрүү боюнча маселе көтөргөм. Өкмөт декабрга жылдырган, андан кийин январга жылдырды. Андан бери февраль, март, өкмөттүн өзүнүн мөөнөтү кошо өтүп кетти. Жол кырсыктары күндөн күнгө көбөйүп жатат. Бизди эмне, парламентти өкмөттүн аппараты башкарып жатабы? Анда парламент жетекчилери тиги жерде эмнеге отурат?” - деди эл өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Pchelka85
2018-04-26 12:01:08
Ой Хайповик депутат!!! Жалал абадда эгин талааларын чегиртке каптап кетти.. кичине пайдалуу нерсе КЫЛЧЫ оозун менен орок орбой!!!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан