Бишкек шаардык муниципалдык ишканалардын жетекчилери журналисттердин катышуусунда отчёт берүүнү каалаган жок

Бүгүн, 26-апрелде Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык ишканаларынын жетекчилери шаардык кеңеште журналисттердин катышуусунда отчёт берүүнү каалаган жок. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын өкүлү Жумабек Салымбеков билдирди.

Жумабек Салымбеков эки жумадан бери “Жашылдандыруу” ишканасынын отчётун угуп жатканын, бул комиссиянын ички маселеси экенин кошумчалады. Мындан улам айрым муниципалдык ишканалардын жетекчилери журналисттердин катышуусунда отчёт берүүнү каалабай жатышканын билдирди. “Биз жума сайын “Жашылдандыруу” ишканасынын отчётун угуп жатабыз. Бүгүн, журналисттер, сиздерди отурумга ким чакырды?” - деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкек шаардык кеңешинде коомчулукта талкуу жараткан 9 миң сомдук көчөттөрдү кандай жол менен сатып алынганы, ким алганы талкууланмак.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Azat.97
2018-04-26 13:29:29
Олуп кеткиле
+2
aitowa11
2018-04-26 13:41:43
Эл билиш керекта! Эмнеге жашырасыңар ушундайлардын айынан Кыргызстан өнүкпөй жатат
+4
taku1414
2018-04-26 14:34:43
Элден жашырып эптеп жеп алыштын айласын кылышат.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан