"Мындан 20-30 жыл мурун шөкөттөлгөн деле фотосессия болчу эмес". Белгилүү айымдардын үлпөт тойдогу сүрөттөрү

Бүгүнкү күндө тойканаларда үлпөт той өткөрүү, келинчектин бир эмес, эки, үч көйнөк кийгени таң каларлык деле көрүнүш эмес. Мындан 20, 30, 40 жыл мурда той өткөрүп, ак көйнөк кийүү кандай "түйшүк" болгонун чоң энелерибизден, апабыздан угуп калабыз. Эмесе мурда үлпөт тойлор кандай өткөнүн эл көзүндөгү айымдардын мисалынан баяндайбыз.

Каныкей Эралиева, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: “Турмушка чыкканда өзбек көйнөк менин үлпөт көйнөгүм болгон”

"Атайбек (ред.: Бөдөшов) экөөбүз 1974-жылы жай мезгилинде баш кошконбуз. Биздин үйлөнүшүбүзгө анын да, менин да ата-энелерибиз каршы чыгып туруп алышты. Аркалык деп алар мени жактырышпайт, оштук деп менин ата-энем аны жактырышпайт. Эч нерсеге карабай эле үйлөнүп алмай болдук. Ошко самолёт менен учуп барып, андан ары Аксыга машина менен бардык. Анын жанында күйөө жолдош, менин жанымда бир курбум бар. Мен үлбүрөгөн көк көйнөк кийип алган элем. Көрсө, аларда көк түс азанын белгиси тура. Кайненем сүйүнгөнүнөн калтырап-титиреп жоолук салып, өпкө чаап көшөгөгө киргизген. Анан да кайненем мага Андижандын базарынан 50-өлчөмдөгү 2 өзбек көйнөгүн сатып келип атпайбы. Эми мендейден экөөнү салып койсо батчудай көйнөк десең. Анан өкүл апабыз Токо 42-өлчөмдөгү өзбек көйнөгүн алып келип, үлпөт көйнөгүм ошол болгон”.

Гүлзат Байзакова, ырчы: “Үлпөт көйнөктү салондон издеп жүрүп ижарага алгам”

"1987-жылы “таластык балага турмушка чыгам” десем, Таласка өмүрү барбаган апам “чыкпайсыӊ, кетсеӊ топурагымды түйүп берем” деп каршы болгон. Кыйкырынып жатса деле “бул жигит” деп Ишендин сүрөтүн көрсөтүп койдум. Апам Бүбүсара Бейшеналиева атындагы институтта окуп жүргөнүмдө жатаканага тамак-ашын көтөрүнүп көп келчү. Бир жолкусунда “Байзакова Гүлзатты чакырып койгулачы” десе, Ишен вахтада турган экен, “мен чакырып келем” деп чуркаптыр. Апам дароо аны таанып коюптур. Бөлмөгө алып келип, чай бергенден кийин Ишен менен тааныштырдым. Өӊүн көрсө жүз тайыйт болуп “барбайсыӊ” деп күүлөнүп жаткан апам ошондо бизге батасын берген. Ал эми үлпөт көйнөктү ижарага алып кийгем. Баасы да арзан эле болгон. Ал убакта кыздар кыргызча көйнөк, шөкүлө кийишчү. Улуттук кийимдерди театрдан алышчу. Мен болсо салондон издеп жүрүп тапкам".

Таалайкан Абазова, актриса: “Үлпөт көйнөктү буюртма менен тиктирип кийгем”

"Алтынбек (ред.: Максүтов) экөөбүз 3-4 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, 1995-жылы 18-сентябрда баш коштук. Алдын ала ата-энелерибиз жолугуп сүйлөштү. Алтынбек атайын ак костюм, шым, мен шөкүлөсү менен кыргыз көйнөк тиктирдик. Көйнөктү Зухра Мукамбетова деген дизайнер улуттук стилде тигип берген. Көйнөк ак түстө болуп, атайын берметтер бастырылган. Шөкүлөгө болочоктогу кайненем суусар берип жиберип, ошол менен жээктеп чыкканбыз. Ата-энелерибиз алдын ала жолугушуп, той тууралуу сүйлөшүүлөр болгон. Үлпөт тоюбуз Тогуз-Торо районунда болгон. Ал жакка учак менен барганбыз. Окуучулар гүл менен тосуп алышты. Кайнатам мугалим, кайненем врач болчу. Кайненем чыгармачыл адам. "Улуу баламдын тою мыкты болсун" деди го, уюштуруунун башында өзү турган. 18-сентябрда келин көргөндөр үйгө келишти, эртеси мектептин ашканасында 1 күн конок тостук. Казарманда биринчи жолу укмуштуудай той өттү деп эл көпкө кеп кылышкан".

Жылдыз Тутуева, ырчы: “Үлпөт тоюма кийген көйнөгүмдү сахнага да кийип чыккам”

“2001-жылы март айында жолдошум Касым экөөбүз баш кошуп, үлпөт тоюбуз ошол эле жылдын 10-августунда “Саякат” ресторанында өткөн. Ал кезде салондор аз болчу. Ошого карабай апам экөөбүз көйнөктү издеп жүрүп сатып алганбыз. Кийин ал көйнөктү сахнага да кийип чыккам. Ал көйнөгүм азыр деле гардеробумда турат”.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан