"Түркия былтыр Көчмөндөр оюндарын биз өткөрөлү деген сунушун берген, мындан башка да өлкөлөр бар" дейт Азамат Жаманкулов

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ар 2 жылда эмес, ар 4 жылда өткөрүүнү Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев сунуштаган. SUPER.KG порталы бул сунушту колдойсузбу же каршысызбы деген соболуна Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов жооп берди.

Анын пикиринде, каражат жагын ойлонгондо Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргыз өлкөсүндө эле өтө бере турган болсо, 4 жылда бир болгону жакшы.

"Көчмөндөр оюндары мындан кийинки жылдары башка өлкөлөргө берилгени жатат. Башка өлкөлөргө бериле турган болсо, эки жылда бир эле өткөрүп турган жакшы. Себеби Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жаңы форматта да, ал олимпиада оюндары сыяктуу калыптанып калган болсо, анда төрт жылда бир өткөрмөкпүз. Аталган иш-чара жаңы башталып жатат, элдин эсине тезирээк сиңиши керек, форматы калыптанганга чейин 2 жылда бир өтүп турганы оң.

Мындан кийин башка өлкөлөрдө өтө турган болсо чыгым жагы деле жолго коюлуп калмак. Түркия мамлекети былтыр эле "биз өткөрөлү" деген сунушун билдирген. 2018-жылдан кийин деле өткөрөбүз деп жатат. Мындан башка дагы Монголия, Орусиянын Алтай Республикасы өткөрөлү деген ойлорун айтышкан.

Быйылкы Көчмөндөр оюндарына бюджеттен каражат каралган. Калган каражатты табуу үчүн демөөрчүлөрдү издеп жатабыз. Каражат жагын ойлонуштурганда Көчмөндөр оюндарын бир мамлекет эле өткөрө бере турган болсо, 4 жылда бир болгону жакшы. Ал эми башка өлкөлөр улантып кете турган болсо, 2 жыл эмес, жыл сайын өтүп турганы деле жакшы болмок", - деди Жаманкулов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Тазабек Икрамов, Аида Касымалиева, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Ali-han
2018-04-28 12:19:59
Ушунусун өткөрүп анан башкаларга өткөрүп берүү керек! Бизде эле өтө берсе көчмөндөрдүн кызыгы кетип калат.
+1
Tolkun555
2018-04-28 12:30:33
Кийинкилерин башка олколор откорот буйурса.за то кыргыздын аты калат.негиздоочу болуп.эми баштап алдык чыдаш керек уят болбой.
+1
nur...nur.
2018-04-28 12:46:13
Тамактын азы ширин деп койобу бизбе, баркын кетирип 2 жыьда откоро берген болбойтко.
+2
ruslanz
2018-04-28 13:52:00
Откон оюнда эле кийинкиси башка олкодо отот деп жатышпады беле, эч ким мындай чыгашалуу оюндарды откозбойт.Кийинкиси башка олкодо ото турган болсо азыр белгилуу болуп калыш керек эле да.Кайран гана ошого жумшалган акчалар.Канчалаган балдар авариялык мектеп-де окуп жатышат,жолдор,жумушсуздук ж.б.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан