“Рабаят” куурчак театрынын эмгек жамааты 12-июнь күнү Орусиянын Сургут шаарында өткөн “Соцвитие” аттуу улуттук маданият фестивалына катышып келди. Аталган фестиваль Сургут шаарынын 400 жылдыгына арналып өткөрүлгөн. Орусиядагы кыргыз диаспорасынын башчысы Кубанычбек Айдаровдун чакыруусу менен барган бул театрдын эмгек жамааты куурчак оюндарын коюп, өнөрлөрүн тартуулап келишти. “Иш-чарада “Петушок - золотой гребешок” аттуу орус эл жомогунун негизинде даярдалган спектаклибизди көрсөттүк. Көрүүчүлөр жакшы кабыл алышты”,- дейт аталган театрдын жетекчиси Бурул Асакеева. Кыргыз таланттарына Сургут шаарынын мамлекеттик администрациясы тарабынан дипломдор тапшырылып, жылуу пикирлер, каалоолор айтылганын кошумчалады ал.