Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ар 2 жылда эмес, ар 4 жылда өткөрүүнү Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев сунуштаган. SUPER.KG порталы бул сунушту колдойсузбу же каршысызбы деген соболуна өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев жооп берди.
Ал Көчмөндөр оюндарын өткөрүүдөгү жылдардын аралыгын бир аз узартсак деген пикирде. "Иш-чараны 4 жылда бир өткөрүү мүмкүн туура, эл да сагынып калат. Каражат жагынан биздин өлкөнүн эле казынасына күч келет. Быйыл 300 миллион сом республикалык бюджеттен которулуптур. Туризмди өнүктүрүү багытында иш-чараны өткөрүү туура, бирок аралыгын алысыраак, 3 жылда бир өткөрсөк болот.
Бул маселени оюндарды өткөрүп алгандан кийин сүйлөшсөк болмок. Көчмөндөр оюндарын ар бир өлкө кезектешип өткөрө турган болсо, 2 жылда бир болуп турганын мен колдойм", - деди Жылкыбаев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Тазабек Икрамов, Аида Касымалиева, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкуловдун пикири төмөнкү шилтемеде.