Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ар 2 жылда эмес, ар 4 жылда өткөрүүнү Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев сунуштаган. SUPER.KG порталы бул сунушту колдойсузбу же каршысызбы деген соболуна Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынан депутат Алмазбек Баатырбеков жооп берди.
Депутат Көчмөндөр оюндарын башка өлкөлөр өткөрүүгө кызыкдар боло тургандай жолдорду табышыбыз керек деген оюн билдирди. "Көчмөндөр оюндары туристтерди тартуу, көчмөн элдин жашоосун таанытуу жана көчмөн элдер көп экенин көрсөтүү үчүн өткөрүлүп келүүдө. 2 жыл болобу, 4 жыл болобу ортодо кандайдыр бир убакыт өткөрүп, анан оюндарды уюштурган жакшы. Эң негизгиси, бул оюнду башка да көчмөн элдер улантып өткөрүп турса жакшы болмок. 2 жыл сайын уланып башка өлкөлөр өткөрүп кетсе, бул оюндардын деңгээли көтөрүлүп, тарыхы Кыргыз өлкөсүндө башталган деп биздин өлкөнүн имиджине жакшы таасир этмек.
Сентябрда оюндар бизде өтө турганы тууралуу көптөгөн өлкөгө маалымат берилген. Быйыл өткөргөндөн кийин башка өлкөлөрдөн "биз өткөрөлү" деген сунуш түшпөсө, анда өкмөт ойлонуп көрүп жаңы сунуштарды көтөрүп чыгышы керек. Аралыгын 4 жыл кылгандан кийин жаңыча форматта иштеп, башка өлкөлөр өткөрүүгө кызыга тургандай жолдорду табышыбыз керек", - деди Баатырбеков.
Жогорку Кеңештин депутаттары Тазабек Икрамов, Аида Касымалиева, Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкуловдун пикири төмөнкү шилтемеде.