Аида Касымалиева: "Көчмөндөр оюндарын 4 жылда бир өткөрүү биздин өлкө үчүн ыңгайлуу"

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ар 2 жылда эмес, ар 4 жылда өткөрүүнү Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев сунуштаган. SUPER.KG порталы бул сунушту колдойсузбу же каршысызбы деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева жооп берди.

Депутат Көчмөндөр оюндарынын 4 жылда бир өтүшүн колдой турганын айтты. "Көчмөндөр оюндарынын 4 жылда бир өткөрүлүшүн колдойм. Себеби Олимпиада оюндары деле 4 жылда бир өткөрүлүп жатат. Биз бул убакта жогорку деңгээлде даярданууга үлгүрмөкпүз. Бул 4 жыл менен 2 жылдын айырмасы Кыргыз мамлекети үчүн абдан чоң. Ошол 2 жылда бир жумшаган акчаны 4 жылда жумшасак имидж жагынан да, туристтердин келиши жагынан жана эң башкысы, "Көчмөндөр оюндары" деген брендди алып калуу жагынан уттурбайбыз. Эки жылда бир өткөрсөк каражат жагынан кыйналып калабыз. Ошондуктан Көчмөндөр оюндарын 4 жылда бир өткөрүү биздин өлкө үчүн эң ыңгайлуу", - дейт Касымалиева.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Тазабек Икрамов, Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкуловдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
juma11anara
2018-04-28 13:58:55
Тышкы карызды кантип төлөгөн ыңгайлуу деген оюңар жокпу?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан