Ош шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн биринен чыккан өрттөн улам терезеден боюн таштаган аялдын өздүгү такталбай, жакындары изделүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
"Аялдын абалы оор. Өздүгү такталбай жатат. Учурда анын жакындарын издеп жатабыз", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Эске салсак, 24-апрелде Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен өрт чыгып, 4 адам жаракат алган. Өрт саат 23:20лар чамасында болгон. Өрт өчүрүүчү кызматкерлер барган учурда батир алоолонуп күйүп жаткан. Үйдүн терезесинде бир аял турган. Куткаруучулар шаты менен баргыча ал боюн таштап жиберген. Алгач 1-кабаттагы чатырга түшүп, андан кийин жерге кулаган. Аял учурда шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Ал эми жабыркагандардын бири ооруканадан чыгарылса, экөө травматология жана нейрология бөлүмдөрүндө дарыланууда.